Бишкекте бүгүн, 20-ноябрда "Мыкты мектеп ашпозчусу" аталышындагы сынак болуп өттү. Аталган сынакка ар кайсы региондон (Талас, Ысык-Көл, Чүй, Ош) келген 5 ашпозчу "Мыкты мектеп ашпозчусу" наамы үчүн ат салышты.
Сынак 2 тур менен өткөрүлдү. 1-турдун талабына ылайык, жасалган тамакка кеткен каражат 10 сомдон ашпашы керек. Ал эми экинчи турда сынактын катышуучулары калыстар тобунун жана келген коноктордун көз алдында мектеп окуучуларына берилип жаткан тамак-ашка колдонулган азыктардан салат жасоо талабы коюлуп, аларга 30 мүнөт убакыт берилди.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду Анара Базаркулова (Талас облусу) багындырып, Кубок, грамота жана баалуу белектерге ээ болду. Ал эми 2-орунду Амина Абдулинна (Чүй облусу) ээлесе, 3-орун Чынара Жумаевага (Ош облусу) буюрду. Алар дагы грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты. Мындан сырткары сынактын 2 катышуучусу атайын белектерге ээ болушту.

Сынак Билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жана тамак-аш өнөр жай институту тарабынан уюштурулду.