Абал турукташкан. Ош шаарында 30-ноябрдан баштап 1-класстын окуучулары мектепке барышат

Статистикага ылайык, бүгүнкү күндө Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаал турукташкан. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашып, 30-ноябрдан тарта 1-класстын окуучуларына мектептер ачыларын белгиледи.

"Ош шаарынын мэриясында шаардын вице-мэри Эмил Шадыханов баштаган шаардык жарандык коргонуунун штабынын жыйыны болуп өттү. Анын жүрүшүндө шаардык мектептердин биринчи класстарынын окуучулары үчүн мектептерди ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе каралды. Жыйынтыгында штаб кабыл алган чечимге ылайык биринчи класстын окуучулары тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен мектепке бара алышат".

* Ошондой эле менчик мектептер жана бала бакчалар бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоону эске алуу менен иштей тургандыгын белгилейбиз. Алардын сакталышын көзөмөлдөө санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери тарабынан жүргүзүлөт. Эске салсак, ушул жылдын сентябрь айынын башынан 6-октябрга чейин шаардын бардык мектептеринде 1-класстын окуучулары үчүн онлайн режиминде окутуу башталган.

* Мамлекеттик бала бакчалар учурда ачылбайт.


Ош шаарында 55 мамлекеттик мектеп жана 26 менчик мектеп катталган. Аларда 77 миң 832 окуучу бар, 3 миң 277 мугалим тренингдерди өткөрүшөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан