Казакстандын Алматы облустук сотунун 9 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Мындай маалыматты казак басылмалары облустук соттун төрагасы билдирди деп жазып чыгышты.
Коронавируска тест тапшырган сот кызматкерлеринин ичинен 9 жарандан илдет аныкталып, учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Илдеттин андан ары жайылуусун алдын алуу үчүн Алматы облустук сотунун имараты жабылып, калган кызматкерлер үй карантинине жөнөтүлгөн деп кабарланат.
Маалым болгондой, облустук соттун бардык кызматкерлери 9-июнда тест тапшырышкан. Ал эми райондук соттор күчөтүлгөн карантин шартында ишин уланта берет. Ага ылайык, соттук отурумдар дистанциялык режимде жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө коңшу өлкөдө жалпысынан 13 миң 558 жарандан коронавирус аныкталса, анын 8 миң 345и айыкты. 2 миң 529 жаранда оорунун белгилери байкалбай өтүп жатат. Каза болгондор 67 болду.