Австрия өлкөсү жарандарын милдеттүү түрдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрөт

Австрия өлкөсү жарандарын милдеттүү түрдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөзөт. Муну менен Австрия Евробиримдикке кирген мамлекеттердин ичинен милдеттүү түрдө эмдөөнү жарыялаган алгачкы өлкө болуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылат.

Маалыматка ылайык, Австрия өкмөтүнүн жаңы буйругуна ылайык, жашоочулар 1-февралга чейин толук эмдөөдөн өтүшү керек.

Ошондой эле өлкөгө 10 күнгө карантиндик чектөө киргизилди. Бул чектөө дагы 20 күнгө узартылышы мүмкүн экендиги айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 14-ноябрдан тарта коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу өкмөт эмдөөдөн өтпөгөн жашоочулар үчүн катаал чектөөлөрдү киргизди. Австрияда калктын үчтөн экиси эмделген. Бул Батыш Европадагы эң төмөнкү көрсөткүч. Чектөө чаралары эки миллионго жакын адамга таасирин тийгизет. Аларга жумушка, азык-түлүк дүкөнүнө же дарыгерге баруу сыяктуу жүйөлүү себептерсиз үйдөн чыгууга тыюу салынат. Эмдөөдөн өтпөгөндөр ПЦР-тести терс жыйынтык көрсөтсө дагы коомдук жайларга киргизилбейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Perfekt
2021-11-21 14:32:52
Мен тактап кетейин, 1-февралдан баштап эмдоодон отуш керек. Эгер эмдоодон ото элек болсон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан