Бишкекте бүгүн, 28-сентябрда шаар күнүнө карата кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өттү. Анда кийизден, чоподон, жыгачтан жасалган буюмдар көргөзмөгө коюлду. Жарманкенин катышуучулары кыргыздын улуттук буюмдары кантип жасаларына күбө болушту. “Баарыбыз ынтымак, биримдикте Бишкек шаарында жашап, эмгектенип жүрөбүз. Шаарыбыздын 135 жылдыгын белгилөө учурунда элди өнөрбүз менен тааныштырып, жасалгаларыбызды көргөзмөгө койдук. Башка улуттун өкүлдөрүнө, чет элдиктерге маданиятыбыздын бир бөлүгүн көрсөтөлү дедик”,- деди “Кыял” кол өнөрчүлөр бирикмесинин өкүлү.