БУУ химиялык куралды жок кылууга Сирияны милдеттендирди
БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы химиялык куралды жок кылуу боюнча резолюция кабыл алды. Документти аталган Коопсуздук кеңешинин бардык 15 мүчөсү тең колдоого алышканын чет элдик ММКлар жарыялашты. Резолюция Орусия менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүнүн жыйынтыгы болду. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров резолюцияны аткаруу жоопкерчилиги Сирия бийлигине гана эмес, өлкөдөгү оппозицияга да жүктөлөт. Оппозиция химиялык куралдын согушчандардын колуна тийип калуусуна жол бербеши керек. Резолюция кабыл алынгандан кийин БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун бул документ Сириядагы химиялык куралды кыска мөөнөттүн ичинде жок кылууга кепилдик боло турганын айтты. Ошондой эле Сирияда химиялык куралды колдонууга күнөөлүүлөрдү сот жообуна тартуу керектигин кошумчалады Пан Ги Мун.