Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атайын өкүлү Дэвид Набарро коронавирустун үчүнчү толкуну кийинки жылдын, тагыраагы, 2021-жылдын башында Европаны каптап кетүү коркунучу бар экендигин чет элдик журналисттерге берген маегинде билдирген.
Маалыматка ылайык, Европа өлкөлөрү COVID-19дун биринчи толкунун көзөмөлгө алганы менен экинчи толкундун алдын ала алышкан жок. Учурда Батыш Европанын көптөгөн өлкөлөрүнүн алдында вирусту кайрадан көзөмөлгө алуу милдети турарын кошумчалады.
"Чыгыш Азия өлкөлөрүнө келсек, бийлик менен калктын ортосундагы так байланыштын аркасында ал жактагы эпидемиологиялык абалы жакшыраак. Чыгыш Азияда адамдардын катуу реакциясынан улам оорулардын саны кыскаргандан кийин, чаралар күчүн жоготкон жок. Ставкалар төмөндөгөнчө күтүп, ошол бойдон калуу керек", - деди ал.
Уюмдун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирустук инфекция менен ооруган 57 миллион 200 миң учур катталып, 1 миллион 360 миң адам каза болгон. Эң оор кырдаал АКШ, Индия, Бразилия, Франция, Орусия, Испания, Улуу Британия, Аргентина, Италия жана Колумбияда.