Бир сутка ичинде коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 4 жаран каза болду. Маалымат республикалык штаб тарабынан белгилүү болду.
Республикалык клиниканын инфекциялык ооруканасынан – 1 бейтап (73 жаштагы эркек киши);
Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 бейтап (53 жаштагы эркек киши);
Токмок аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (86 жаштагы эрке киши);
Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (41 жаштагы эркек киши).
Жалпы каза болгондордун саны 92 кишини түздү.
Ал эми акыркы бир суткада пневмониядан дагы 18 бейтап каза болду. Ошону менен март айынан бери каза болгондордун саны 195ке жетти.