Унаа оодарылып кеткен. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгына кабылып, ооруканада (фото)

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгына кабылды. Ал Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилгенин Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы билдирди.

Маалым болгондой, автокырсык бүгүн, 23-ноябрда Бишкек-Торугарт жолунун 156-чакырымында катталган.

"Балыкчы аймактык ооруканасынан ички иштер бөлүмүнө болжол менен саат 08:50 чамасында билдирүү келип түшкөн. Анда өкмөттүн өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгына кабылып, ооруканага түшкөнү айтылды.

Ыкчам тергөө тобу алган маалыматка ылайык, Тойота Прадо үлгүсүндөгү кызматтык унаанын 24 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен өкмөттүн өкүлү жеңил жаракат алды. Бул факт Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн электрондук журналына катталды. Соттук-техникалык экспертиза дайындалды", - деп билдирди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pankration_MMA
2020-11-23 15:54:30
Өзү чоңдор бир нерседен кур калгансып жиптерин өтө катуу ылдамдыкта, өлө басып айдашат, булда аз өзү буларга!
+1
aslonur
2020-11-23 16:23:05
Бирок Джип жалко эле
0
zevs
2020-11-23 18:37:34
Бардыгы еле чон машина минет. Бечара биро кичирек машига менен болгондо точно бир нерсе болжу еледа
0
MIRBOLOT
2020-11-23 23:19:24
Кудай мындан чоң кырсыктардан сактасын, тезирээк сакайып кетиңиз, Элчибек Нуржаадыевич.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан