28-сентябрда Индонезиянын Бали аралында 130 өлкөнүн сулуулары катышкан “Дүйнө сулуусу-2013” сынагы расмий түрдө жыйынтыкталды. “Дүйнө сулуусу-2013” наамын филиппиндик Меган Янг алды. Салтка айланып калгандай, жеңүүчүгө таажыны былтыркы "Дүйнө сулуусу" кытайлык Юй Вэнься кийгизди. Ал эми 2-орунду франциялык Марин Лорфелин ээлесе, 3-орунга ганалык Наа Шутер татыды. Ал эми Кыргызстан мындай Дүйнөлүк деңгээлдеги конкурска экинчи ирет гана катышып жатат. Бул жолу сынакта Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Жибек Нукеева катышты. Жибек "Мультимедия сулуусу", "Топ модель сулуусу" делген номинацияларда ат салышып, тилекке каршы, жеңишке жете алган жок. Кыргызстандык сулуунун продюсери Айбек Акматовдун билдиришинче, учурда Жибек Нукеевага бир топ беделдүү делген сулуулар сынактарына катышуу сунуштары түшүп жатыптыр.