Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев 29-сентябрда өткөн “Борбордук Азия: бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү” аттуу конференцияда депутаттар тарабынан иштелип чыгуучу билим берүү кодекси тууралуу айтып берди. Учурда иштеп жаткан билим берүү боюнча мыйзам 2003-жылы кабыл алынганын айтты ал. "Кээ бир базалык түшүнүктөр жакшы иштеп жатат. Бирок убакыт өтүп, өнүгүп жатабыз. Заманга жараша кодексти иштеп чыгуу керек”,- деди Осмоналиев.
Кодекстин долбоору 93 беренеден турат. Анда окуу мекемелерине кабыл алуу, окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн аттестациядан өткөрүү, окуу борборлорунун миссиялары жана орто билимдин нормаларын жөнгө салуу маселелери каралган. Мындан сырткары кодексте окуу жайлардагы академиялык эркиндик, жогорку окуу жай статусун аныктоочу критерийлер каралган. Долбоорго ылайык ЖОЖдордун жетекчилери 5 жылда бир шайланат жана бир адамдын эки жолу ректор болуу мүмкүнчүлүгү жазылган. Осмоналиев биринчи жолу ЖОЖдон кийинки билим тууралуу маселелер жазылганын белгилеп: “Социалдык жактан коргоо, окуу процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери, каржы маселелери жана билим берүү системин башкарууда бийлик органдарынын жасаган иштери каралды”,- деди депутат.