Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев бүгүн, 24-ноябрда 35 жашка толду. Ырчы мырза туулган күнүндө жубайына операция жасалып жатканын, бул хирургиялык кийлигишүү ийгиликтүү болсо чоң белек болорун айтты.
Бир нече сааттан кийин ырчыга байланышканыбызда, операция ийгиликтүү болгонун билдирди.
Эске салсак, Кайрат Примбердиевдин жубайы Эля Примбердиеваны унаа сүзүп кеткени, ага операция жасатуу күтүлүп жатканы маалымдалган. Кийинчерээк, ырчы мырза кырсык 20-ноябрда орун алганын билдирген.
Кайрат Примбердиев Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында төрөлүп, Талас районунун Көк-Ой айылында өскөн. Талас мамлекеттик университетинде сырттан окуган. Сахнага алгач Султан Садыралиев менен биргеликте аткарган "Арноо" аттуу ыр менен чыккан. Ырчы катары "Сагынганда", "Сүйүү аптабы" аттуу ырлары менен таанымал болгон.