Биз социалдык тармакта

Камила Талиева: "Мектептеги окутуу ЖРТнын талаптарына туура келбейт" (видео)

Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева мектептеги окутуу программасы менен Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) талаптары дал келбей жатканын айтып, ата-энелердин кошумча окуу курстарга акча коротууга аргасыз болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, мектептеги окуу китептеринде ЖРТнын тапшырмаларына даярдануу үчүн керектүү материалдар жетишсиз. Ошондуктан ата-энелер балдарын бир нече предмет боюнча окуу борборлоруна берип, ар бир курска орто эсеп менен айына 3 миңден 8 миң сомго чейин төлөшөт. Натыйжада кошумча сабактарга кеткен чыгым айына 25 миң сомго чейин жетет.

"ЖРТдагы негизги тестти окуу программасына ылайыкташ керек же окуу программасын тестке карап окутушубуз керек",- деди депутат.

Депутат билим берүүдөгү көйгөйлүү маселени айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан