Биз социалдык тармакта

"Жактоочуну кайсы акчага жалдайм?" Эмил Жамгырчиев аны ким сотко бергенин айтып чыкты (видео)

Бүгүн, 11-ноябрда мурунку депутат Эмил Жамгырчиев ага карата доо арыз түшкөнүн айтты. Ал бул тууралуу социалдык баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Садыгалиев Октябрь райондук сотуна доо арыз менен кайрылды.

"Менин атыма Жогорку Кеңештин депутаты доо-арыз жазып, 10 миллион сомдук кенемте талап кылыптыр. Сот өкүлдөрү мени катыштырбастан эле анын бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүмдү тоңдуруп салуу чечимин чыгарышкан. Ошондой эле бул тууралуу мага алдын ала маалымат берилбеген. Урматтуу депутат, биз коңшу өлкөлөргө шылдың болобуз жана бул кылганың өзүңдүн аброюңа өзүң шек келтиргениң. Эми бардык мүлкүмө тыюу салынса, жактоочуну кантип жалдайм?" - деп ал кырдаалга тамаша аралаш билдирүү жасады.

Эмил Жамгырчиевтин мүлктөрү тоңдурулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан