Биз социалдык тармакта

Курсан Асановдун жубайы Финполго суракка чакырылды

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун жубайы Кульнара Усенканова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымына караганда, Финпол Кульнара Усенканованы бүгүн саат 16:00гө суракка чакырган. Бирок белгисиз себептерден улам сурак мөөнөтү жылдырылды.

"Бүгүн Курсан Асановдун жубайы Кульнара Усенканова Финполго суракка саат 16:00гө чакырылган. Бирок белгисиз мөөнөткө сурак жылдырылганын жаңы эле айтышты. Эмне себептен чакырылганы боюнча азырынча маалымат жок", - деп билдирди Таалайгүл Токтакунова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан