Калифорнияда окуп, иштеп жаткан кыргыз кызы: "Чет мамлекетте көргөн кыйынчылыктарды мүмкүнчүлүк катары кабыл алам"

SUPER.KG порталы чет мамлекеттерде билим алып, эмгектенип жаткан мекендештердин маегин байма-бай чыгарып турат. Анда мекендештердин жетишкен ийгиликтери, тажрыйбалары, жашоолору тууралуу айтылат. Бул жолу кыргыз кызы Алина Жакыпбек кызы чет мамлекетте эмне менен алектенип жатканы тууралуу айтып берет. Ал учурда АКШнын Калифорния штатында окуп, иштеп жатат.

"Америкада студент болуу арзанга тур

- Мен Google, Facebook, Microsoft компаниялары жайгашкан АКШнын Калифорния штатындамын. Учурда Санта-Клара шаарында жашайм. Бул жерге келгениме эки жыл болду. Ди Анза колледжинде медайым болуу үчүн окуп жатам. Студентмин. Америкада студент болуу арзанга турбайт. Ошондуктан окуудан сырткары бош убактымда бала-бакчада тарбиячы болуп иштейм.
"Бала бакчада иштеп тапкан акчам билим алганга толугу менен жетет"
- Калифорнияда билим, бала бакча тармагы аябай бааланат. Себеби, бул аймакта техиндустрияда иштеген ата-энелер бар. Бала-бакчалардын саны жетишпейт, ошондуктан бул жерде "үй бала бакча" тармагы өнүккөн. Атайын билими бар мугалимдер үйүнө эле балдарды кабыл алышат. Орустар орус бакча, индустар индус бакча, кытайлар кытай тили басым кылган бакчаларда иштешет. Ошондуктан бир нече тил билсең, билимдүү болсоң сенин эмгегиңди жогору баалашат.
"Алгач Чехияга билим жана тажрыйба алмашуу үчүн барып калдым"
- Кыргыз мамлекетинин жогорку окуу жайын аяктаган соң, Чехияга билим жана тажрыйба алмашуу үчүн барып калдым. Ал кезде 21 жашта болчумун, биринчи жолу чет өлкөгө чыккан кезим. 15 мамлекеттен келген студенттер менен бир жатаканада чогуу жашап, башка элдин маданиятын байкап, Америкага барып окууну максат кылгам. Ошентип Америкага кетүүгө ар кандай программаларды издей баштадым. Көзгө урунганы - Au Pair болду. Бул программа менен Кыргыз өлкөсүнөн барган эч ким жок экен ал кезде, мен биринчилерден болуп барсам керек. 1,5 жыл Техастын Остин штатында жашап, иштеп жүрүп, анан программа аяктаганда Калифорнияга келгем.
"Чет мамлекетте кабылган кыйынчылыктарды мүмкүнчүлүк катары кабыл алам"
- Башында чет мамлекетке чыкканда кыйын болду. Тилди жакшы деле билчү эмесмин. Жарым жылдай англис тили боюнча курска катышкам. Мен үйрөнгөн англис тил менен бул жердеги англис тили эки башка болуп чыкты. Мен алар сүйлөгөн тилди түшүнгөн жокмун, алар менин тилимди түшүнгөн жок. Америкалык үй-бүлө менен жашаганда бир аз жардам болду. Алар менен бир жыл англис тилинде сүйлөшүп үйрөндүм. Бирок өзүңдүн тилиңде сүйлөгүң келет экен. Тоскоолдуктарды кыйынчылык катары эмес, мүмкүнчүлүк катары көрдүм. Ар бир жолдо болгон кыйынчылыкты өсүүгө болгон мүмкүнчүлүк катары кабыл алам. Окууга барганда сабактарды түшүнбөй жаттым. Башка шаарга кетип калган учуралар болду. Бирок ал учурда коркпостон, жаңы нерселерди үйрөндүм. Буга менин жаштыгым жана курчтугум жардам берди окшойт.
"Карантин учурунда балкондон бака таап алып, ошону багып келем"
-Быйыл коронавирус илдети дүйнөнү каптады. Мындан улам 6-7 ай үйдө отуруп калдык. 4 дубалды тиктеп отура берген оңой эмес экен. Оюңа ар кандай нерселер келип, адам депрессияга түшүп кетет. Ошол кезде балкондон tree frog (бака) таап алдык. Жөн эле айнек бөтөлкөдөн кармап алып, коё берип салалы дегенбиз, бирок бака кичинекей анан аябай сүйкүмдүү экен. Айтор ага атайын террариум жасап калтырып койдук. Кийин ал террариумду өзгөртүп, чоңойтуп отуруп дагы кичинекей, сейрек кездешүүчү башкаларды сатып алдык. Бакалардын баасы 60 долларга чейин барат. Айтор бакаларды багуу кызыктуу.
"Алдын ала пландарды түзө албайт экенбиз, эртең эмне болуп кетерин эч ким билбейт"
- Мен сүйлөшүп жүргөн жигит Канададан болот. Ал Канаданын системин, саясатын негизи эле Канада тууралуу айтып берет. Мен Канаданын жашоосун, маданиятын көрүү үчүн ал жакка барып, иштеп келгим келет. Негизи ар кандай ойлор бар, азыркы учурда эч нерсени пландап, максат коё албайт экенбиз. Эртең эмне болуп кетерин эч ким билбейт. Окууну бүтүрүп колума диплом алгандан кийин, дагы алдыга койгон максаттарым өзгөрүшү мүмкүн. Жаңы нерседен коркпогон адам баарына жетишет. Болгону жашоого болгон көз карашты чектебеш керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан