Биз социалдык тармакта

ЭЛДИК КАБАР: "Манас" эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдү 3 миң сомго ПЦР-анализ тапшырууга мажбурлап жатышабы? Аэропорттун жообу

"Манас" эл аралык аэропортунда Орусиядан учуп келген дарыгердин ПЦР-тестинин жыйынтыгы бар экенине карабастан кайрадан короновируска карата анализ тапшырууга мажбур кылышкан. Ал эле эмес, дарыгер тест тапшыруу үчүн өз чөнтөгүнөн 3 миң сом да төлөгөн. Бул тууралуу "Бишкек бүгүн" телеграм каналына окурман жазган.

"Ал дарыгер менин таанышым. Кыргыз өлкөсүнө учуп келерден мурда Орусиядан ПЦР-анализ тапшырыптыр. Бирок "Манас" эл аралык аэропортунда" ага кайрадан тест тапшырууга туура келген. Дарыгер таанышым тесттин жыйынтыгын 1 жарым саат күткөн. Ошондой эле 3 миң сомду накталай эмес, карта аркылуу төлөптүр. Аэропортко учуп келгендердин баары бул нерседен өтөт экен. Бизде ушундай ар бир кадам сайын акча шыпыруу", - деп жазган окурман.

Бул боюнча маалыматты тактоо үчүн "Манас" эл аралык аэропортуна байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Ал жүргүнчүнүн Орусияда тапшырган ПЦР тестинин мөөнөтү бүтүп калса керек. Себеби ПЦР тесттердин жыйынтыгы терс болгондон тышкары, ал 72 сааттын ичинде активдүү болушу шарт. Эгер тесттин мөөнөтү тапшырган убакыттан баштап 72 сааттан ашып кетсе, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-көзөмөл пунктунун жана чек ара кызматынын кызматкерлери кайра тест тапшырууну талап кылышы мүмкүн. Алар менчик лабораторияны чакырып, ПЦР анализ алынат. Биздин аэропорттун кызматкерлери өздөрү билип анализ тапшыртышпайт жана аэропорт конкреттүү түрдө өзү анализ алууну жүргүзбөйт. Жүргүнчүнүн ПЦР тести активдүү болбогондуктан чакырылган менчик лабораториянын кызматы үчүн өзү төлөйт", - деп жооп беришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kattaldym
2020-11-24 22:42:36
Тест тапшырбай өтүп кетсе да балээ. Биздикилер шалаакы, жөн эле өткөрүп атат деп чыгабыз...
+6
bond
2020-11-24 23:54:57
Короче каяка барба донкой деген жашоо болуп калды.
+4
Merch
2020-11-25 08:08:45
Ошондо КРга келгендер ПЦР тест тапшырып анан келип жатышабы?
0
uli0404
2020-11-25 19:14:54
Эптеп элди алдап акча алмай болуп ататда,баягы эле карапайым калкты кактап атат шылуундар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан