Гаражда өткөн 20 жыл... 73 жаштагы Айымбү Харыбекова 95 жаштагы апасы менен көргөн оор күндөрүн айтып берди

Мындан бир нече күн мурда социалдык тармакка карыган эки кемпирдин шарты жок жайда жашап жаткан видеосу жарыяланган. Тасма интернетке чыгаары менен коомчулуктун көңүлүн бурду. Көп өтпөй эле алардын Ош шаарында гаражда жашай тургандыгы маалым болду. Кайрымдуулук иш жасоо жагынан алдына ат салдырбай турган элибиздин ичинен бул окуяга дагы кайдыгер карабагандар жарандар табылды.

Алардын жардамы менен эки кемпир май айына чейин убактылуу толук шарты бар батирге көчүрүлгөн. Бирок андан аркысы табышмак. Биз аталган апаларга телефон аркылуу байланышканыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди.

Гаражда өткөн жыйырма жыл...

Аты-жөнүм Айымбү Харыбекова, 73 жаштамын. Тасмадагы кемпирдин бири мен, бирөөсү апам, ал 95 жаштан өтүп калды. Биз жыйырма жылдан бери Ош шаарында гаражды үй кылып жашап келгенбиз. Эми андай жерде кайсы жыргаган шарт болмок эле, башка салганын көз көрүп эле жашап келе жатабыз. Ушул күнгө дагы шүгүр кылып. Бир нече жыл жарыгы жок чырак менен жашадык. Эки жыл мурда кайрымдуу бир жигит электр тогун тартып берди.

Тажикстандан көчүп келүү...

Мурда биз Тажикстандын Бадахшан деген тоолуу жеринде жашачу элек. Бул жакка деле жакшы жашоо издеп көчүп келгенбиз да. Ким эле жылуу ордун муздаткысы келсин. Үч бир тууганым бар эле алардын көзү өтүп кетти. Өзүм баатыр энемин, 10 балам бар, алардын экөөсүн багып алганмын. Бул жакка келе жатканда 5 балам биз менен чогу келген. Жогорку билими жок, алыстан көчүп келген балдарга ким эле жакшы жумуш берсин. Балдарым дагы эптеп эле тирилик кылып, бала-чакасын багышат. Гаражды да балдарым араба түртүп жүрүп, акча чогултуп сатып беришкен. Ал жерде азыр 95 жаштагы апам, эки бакма балам, 2 неберем болуп жашайбыз.

Үйлүү болууну эңсеген эне...

Энем экөөбүз тең карып калдык. Жепирейген гаражда жашап жүрүп өтүп кетебизби деп кээде ойлонобуз. Учурда ооруканада дарыланып жатамын. Бир жагынан карылык, бир тарабынан шарты жок жайда жашоо деле ден соолукту алат экен. Бул жактан чыксам батирге барамын. Боорукер адамдарга ыраазымын. Ошолордун жардамы менен батир акысы майга чейин төлөндү. Андан ары кайра баягы эски кепебизге барабыз, бирок ал жакка баргыбыз келбейт.

Бул сөздөрдү айткан Айымбү апа бир топко үнсүз тунжурап калды... Айымбү апага жардам берүүнү каалагандар төмөндөгү номерлерге аркылуу жардам берсе болот.

Элсом: 0706988969;

Сбербанк: 5469400022336064.

16 жаштагы өспүрүм кызды сойкулук кылууга мажбурлаганга шектүү кыздарга сот өкүмү чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан