УКМК: "Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев кармалды"

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал октябрь айындагы шайлоо өнөктүгү убагында стратегиялык маанидеги ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып, бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 миллион сом берүүгө мажбурлаганы айтылат.

"Кармалган адам мыйзамсыз алган акчасын шайлоо алдындагы үгүт иштерине колдонгон. Шектүү жазык кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. УКМК бул фактыга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, кармалган адам 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Биримдик" партиясы менен катышкан. Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-жылдын февраль айында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан