"Тажады эле саясаттын жытынан, элге берчи бүтүн нан... ". Ырчылар Абир Касенов менен Бегиштин "Элди алдаба" чыгармасы жарык көрдү

Ырчы Абир Касенов менен рэпер Бегиш “Элим алданба” аттуу жаңы ыр жаздырып, клип тарттырышты. Бул чыгармада элдин көйгөйү, алардын үнү катылып, жогорку кызматтагы адамдарга кайрылуу баяндалат. Жаңы чыгарма элдин көйгөйүн чагылдырат дешет ырчылар.

"Жашоодо өйдө-төмөн жолдор бар. Ар бир кыйынчылык элдин, жогорку кызматты ээлеген инсандардын башынан өтөт. Карапайым калктын көйгөйүн чагылдырган жана кичине болсо да ойлорун туура жакка багытоочу ырыбызды тартуулайбыз", - деген алар.

Белгилей кетсек, рэпер Бегиш буга чейин "Саясат" деген аталыштагы эмгегин күйөрмандарына тартуулаган. Анда өлкөдөгү чек ара маселеси, медицина кызматкерлеринин абалы, коррупция, айтор, көйгөйлүү маселелер айтылат.

16 жаштагы өспүрүм кызды сойкулук кылууга мажбурлаганга шектүү кыздарга сот өкүмү чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан