Базар-Коргондо сабакка катышпай соода-сатык менен алектенип жүргөн өспүрүмдөр аныкталды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда профилактикалык иштер уланууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери менен биргеликте онлайн сабактарга катышпастан, эмгектенип жүргөн окуучуларды аныктоо максатында рейд жүргүзүштү. Рейддин алкагында район аймагында жайгашкан борбордук базар, 12 соода борбору текшерүүгө алынды.

Анын натыйжасында 11 өспүрүм, сабактарга катышпай соода-сатык менен алектенип жүрүшкөнү аныкталды. Бул өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуучуларды сабактардан калтырбоо керектиги эскертилди.

Аталган фактылар боюнча материалдар топтолуп, райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жашы жете электер менен иштөө комиссиясынын кароосуна тийиштүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан