Бишкекте 1-октябрда “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ишке орноштуруу үчүн шарт түзүүдө жумуш берүүчүлөр жана кесиптик-техникалык лицейлер менен кызматташууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында тегерек стол өтөт. Анда аталган топтогу жарандардын өлкөдөгү абалы боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары белгилүү болот. "Хэндикап Интернешнл" бейөкмөт уюму демилгелеген долбоор №2 жана №14 кесиптик-техникалык лицей, “УТАН” жеке менчик окутуу борбору жана жумушка орноштуруу боюнча мамлекеттик мекемелер менен иш алып барат.
"Хэндикап Интернешнл" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар менен иштешкен уюм. Ал 2010-жылдан бери Борбордук Азияда иш жүргүзүп келет.