Бишкекте аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата конференция болуп өттү

Бүгүн, 25-ноябрь- Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Бишкекте жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин(USAID) каржылоосундагы "Жигердүү жарандар" долбоорунун алкагында жарандык коомдук уюмдар тарабынан 1 миң 500дөн ашуун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун курмандыктарына социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүлгөн.

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшкө карата өткөрүлгөн бул конференцияда БУУнун “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активизм” деген эл аралык кампаниянын башталышын кабарлап, анда жарандык активисттер шашылыш жардам көрсөтүү долбоорлорунун жыйынтыктарын алып чыгышты.

USAID'дин гранттарынын алкагында он бир жарандык коомдук уюм үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына жана аярлуу үй-бүлө мүчөлөрүнө баш калкалоо жайларын таап, гигиеналык каражаттар баштыктарын, азык-түлүк, каржылык ;жактан жардам берип, психологиялык колдоо көрсөтүшкөн.

“Мындан аркы төрт жылы дагы USAID «Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагында кыргыз өлкөсүнүн социалдык колдоо жана укуктук кызмат акы алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн жакшырышына багытталган жарандык коомдук аракеттерди жана Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүн колдоого алууну улантат”, - деп белгиледи конференция учурунда USAID'дин миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу Алдер Бартлетт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан