Ливандын түштүгүндөгү үч аймакка жасалган Израилдин аба соккуларынын кесепетинен алты адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги жума күнү билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, соккулар бир нече калктуу конуштарды бутага алып, жарандык инфраструктурага да зыян келтирген. Учурда куткаруу кызматтары жабыркагандарга жардам көрсөтүп, кыйроолордун көлөмүн тактоодо.
Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин, 2-марттан бери Израилдин соккуларынан каза болгондордун саны 2896га жеткенин маалымдаган. Ошондой эле 8824 адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган.
Аймактагы чыңалуу күчөп, эл аралык коомчулук тараптарды ок атышууну токтотууга жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кайтууга чакырууда.