Москвада үгүт жүргүздү деп "айыпталган" Мадумаров үн катты
Башкы прокуратура президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Москва шаарында мекендештер менен жолугуп жаткандагы видеосу боюнча материалды кароо үчүн БШКга жөнөткөн. Аталган мекеме мындай кадамына "жолугушуу учурунда үгүт иштеринин элементтери болгон" деген жүйө келтирген. Айыптоолорго жооп берүүдө Мадумаров көпкө күттүргөн жок. Туура 1 күндөн кийин "Бүтүн Кыргызстандын" лидери БШК менен Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, бул кадамдар аны шайлоо өнөктүгүнөн четтетүү аракети катары сыпаттады.
Мандатынын тагдыры тумандаган Текебаев
Мындан 4 жыл мурда "коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган Өмүрбек Текебаев 5-октябрдагы толкундоолордон кийин кайрадан депутаттык мандатын кайтарып алган. Анын кайрадан эл өкүлү болгонун акын Темирлан Ормуков мыйзамсыз деп атап, мандатынан ажыратууну талап кылып сотко кайрылган. 23-ноябрда Бишкектин административдик соту чечимди акындын пайдасына чыгарганы белгилүү болду. Анткени менен БШК "Конституциянын атасын" мандатынан ажыраткан жок. Аталган мекеменин төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзамда көрсөтүлгөндөй 1 айдын ичинде административдик соттун чечиминин үстүнөн Жогорку Сотко арызданарын билдирди. А бүгүн, 25-ноябрда Текебаев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине мүчөлүккө кабыл алынды. Тактап айтканда, Өмүрбек Текебаевдин мандатынын тагдыры алдыңкы бир ай ичинде чечилмей болду. Азыркы чукул бурулуштарга бай болгон кыргыз саясатынын абалын эске алганда, Текебаевдин депутаттык креслосунун гана эмес, бүтүндөй VI чакырылыштын эртеңки тагдыры күмөн саноону жаратат...
Улукбек Кочкоровдун бош калган орду толукталуу алдында
5-октябрдагы толкундоолордон кийин алгачкы жолу Жогорку Кеңештин жыйындар залында эл өкүлдөрү жалпы жыйынга чогулушту. Күн тартибиндеги негизги маселелер - келерки жылдарга карата өлкөнүн бюджетин бекитүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кароо жана Социалдык өнүктүрүү министрлигине Ализа Солтонбекованын талапкерлигин кароо. Күн тартибине киргизилген бардык мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды. Солтонбекованын талапкерлиги жактырылып, президентке тиешелүү жарлыкка кол коюуга жөнөтүлду. Буга чейин бул кызмат ордуна сунушталган мурдагы вице-премьер министр Аида Исмаилованы Жогорку Кеңеш колдобой койгон. Ошентип 27-октябрдан бери бош турган мурдагы министр Улукбек Кочкоровдун орду толукталуу алдында турат.
Садыр Жапаровду дебатка чакырган Эркин Нурбаев
Актёр, алып баруучу, "Реформа" партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Эркин Нурбаев Садыр Жапаровду дебатка чакырды. Нурбаев Садыр Жапаровдун 7-каналга берген интервьюсунда "Түшүнүгү жок жаш балдар гана жаңы Конституцияга каршы чыгып жатат" деген сөзүн "негизсиз" деп эсептейт.
Президенттик шайлоого жумшала турган 137 миллион сом
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө мамлекеттик казынадан 137 миллион 290 миң сом талап кылынарын билдирди. Келерки жылдын 10-январына белгиленген шайлоого керектелүүчү каражатты бекитүүдө учурдагы эпидемиологиялык абал эске алынып, эң зарыл деген керектөөлөр кирген.