2021-жылдын 10-ноябрына белгиленген мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө мамлекеттик казынадан 137 миллион 290 миң сом талап кылынат. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат таратты. Маалыматка ылайык, бул сумманы бекитүүдө эпидемиологиялык абалга байланыштуу эң зарыл деген керектөөлөр кирген.
“Бул акча 2 миң 475, анын ичинде чет өлкөлөрдө ачылган 45 участкалык шайлоо комиссиясынын ишин уюштурууга, биометрикалык жабдыктарды, компьютердик техниканы, автоматтык урналарды, бюллетендерди жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук каражаттарын жеткирүү үчүн транспорттук чыгымдарга жумшалат", - деп айтылат маалыматта.
4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берген президенттин ордуна жаңы башчыны шайлоо 10-январга белгиленген.