Жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева брифингде билдирди.
"Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Жаңы жылдык кечелерге (корпоративдерге) уруксат берилбейт. Себеби мындай иш-чараларда адамдар көп топтолору баарыбызга белгилүү. Ошондуктан азырынча мындай иш-чараларга уруксат берилбейт", - деди вице-премьер-министр.