Бишкектин четиндеги Пригородное айылындагы спорт залдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, өрт бүгүн, 26-ноябрь күнү Чүй облусу, Пригородный айылынын Юбилейное көчөсүндө курулуп жаткан спорт залынан чыккандыгы такталды.
Өрт саат 11:33тө толугу менен өчүрүлгөн. Каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.