Жаңы жылдык балаты 10-декабрда жандырылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
"Символикалык түрдө Жаңы жылдык балатыны 10-декабрда күйгүзөбүз. Аянтта концерт уюштуруп, салют аттырбайбыз. Концерт коёюн десем дагы 4 миллион сом керек экен. Ошондуктан мындан биз баш тартып жатабыз. Эпидемиологиялык кырдаал оор болуп жатканда, балатыны күйгүзүп эле беребиз. Быйыл ушундай болгону үчүн бизди туура түшүнөсүздөр деп ойлойбуз", - деди Балбак Түлөбаев.
Мындан сырткары Балбак Түлөбаев быйыл балаты өткөн жылдагы жасалгалар менен эле жасала тургандыгын кошумчалап өттү.