Бардык сүйүктүү кардарлар үчүн! "Балыкчы" Globus’у мурдагыдан да кеңейди

6-ноябрда Балыкчы шаарында, мурунку жайгашкан жеринен анча алыс эмес жерде андан эки эсе чоң жаңы “Globus” супермаркети ачылды.

Азыр жаңы супермаркет Абдрахманов көчөсү 13/2 дарегинде жайгашкан. Ал мурунку жайгашкан жеринен бир нече кадам гана аралыкта. Бирок, шаар тургундары жана коноктору үчүн мындай өзгөрүү абдан чоң ыңгайлуулукту жаратты.

Супермаркеттин сатуу аянты эки эсеге кеңейди! Буга чейин аянты 520 чарчы метр гана болсо, эми жаңы "Globus" 1030 чарчы аянтты ээлейт! Демек, учурда супермаркеттен соода кылуу эки эсе ыңгайлуу.

Ыңгайлуулук, кеңири ассортимент жана арзан баалар "Globus" түйүндөрүнүн бирден-бир өзгөчөлүктөрү. Ал эми Балыкчы шаарындагы жаңы "Globus" супермаркетинде бул сандар эки эсеге көбөйдү. Эми супермаркетке баруу мурдагыдан дагы оңой, ыңгайлуу, унаа токтотуучу жай да курулду.


Мындан тышкары, Балыкчы шаарынын тургундары жана коноктору үчүн жагымдуу акциялар, арзандатуулар, бонустар жана берилгендик программалары бар.

"Globus" кардарларынын ден-соолугуна кам көрүү менен бардык санитардык талаптарга жооп берет. Ошондой эле, сүйүктүү супермаркеттер тармагыңыздын пайдалуу сунуштары жөнүндө билүү үчүн же суроолоруңузду берүүнү Telegram бот аркылуу ишке ашырсаңыз болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан