Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорунун учурдагы абалы жана аны ишке ашыруу боюнча маселе талкууланды

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун жетекчилиги Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.

Төрага Талант Мамытов ата мекендик экономиканы өнүктүрүү үчүн инновациялык ыкмаларды пайдалануу аркылуу өлкөнү алдыга жылдыруу зарылчылыгын белгиледи. "Чындыгында көптөгөн мекендештерибиздин экономиканын негизги секторлорун өнүктүрүүгө багытталган алгылыктуу бизнес идеялары жана жакшы программалары бар. Бирок, тилекке каршы, келечектүү долбоорлорго карата мамлекет тарабынан зарыл болгон колдоо көрсөтүлбөйт. Аталган көйгөйдү чечүү максатында мамлекетти өнүктүрүүгө арналган долбоорлорду талкуулоо үчүн ушул аянтчаны пайдаланууну сунуштайм", - деди ал.

Талкуу маалында бир катар маселелер каралып, анын ичинен Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорунун учурдагы абалы жана аны ишке ашыруу варианттары тууралуу сөз болду.

"Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысы Нурбек Козубековдун айтымында, аталган долбоор аркылуу 1860 мВт кубаттуулуктагы гидроэнергетикалык станцияны ишке киргизүүгө жана 5,64 миллиард кВт/саат электр энергиясын алууга шарт түзүлүп, ички муктаждыкты канаттандыруу менен бул системиндеги оорчулуктарды азайтууга өбөлгө түзүлөт. Ошондой эле CASA-1000 долбоору боюнча Кыргыз өлкөсүнүн алган милдеттенмелерин жеткиликтүү аткарууга мүмкүнчүлүк берилет. Андан сырткары, суу-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга көмөкчү болот.

Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин отурумунун жыйынтыгында бардык долбоорлор тууралуу сунуштар жана пикирлер айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан