Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарында муктаж жарандарга акысыз жаңы кийимдер таратылды (сүрөт)

Бүгүн, 27-ноябрда "Нурлуу кайрымдуу кыздар" кайрымдуулук фондунун жамааты тарабынан муктаждарга акысыз жаңы кийимдер таратылды. Бул тууралуу ишкер айым Инаят Ниматова SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара эстафета түрүндө болуп, башка соода түйүндөрүнө челлендж катары узатылды.

"Бүгүнкү уюштурган иш-чарабыз жогорку деңгээлде өттү. Жаңы жылды утурлай 7 миңден ашык жаңы кийимдер калктын аярлуу катмарына бекер таратылды. Кайрымдуулук фонддун кыздары 2 миллион сомдун тегерегиндеги өз каражатыбыз менен уюштурдук. Бул Жаңы жылга карата эстафета түрүндө болмокчу, челлендж кылып башка соода түйүндөргө жана базарларга узатабыз. Бул эстафета андан ары улантылып кетет деген үмүттөбүз. Биздин жамаат карантин башталганда апрель айында түзүлгөн. Команда "Дордой" базарында иштеген 53 айымдан турат. Баарыбыз "Дордойдо" иштеген ишкер айымдарбыз. Бүгүнкү иш-чарага жалпы миңден ашык адам келди. Алып келген кийимдерибиздин баары таратылып берилди", - деп билдирди Ниматова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rola
2020-11-27 21:57:02
Сонун иш .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан