Ташиевдин табы айнып...же "дос секретарь" доктурга түштү.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дарыланууга муктаж. Аталган мекеменин басма сөз кызматы Ташиев дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин тастыктаганы менен, эмне себептен ооруканага жаткырылганы айтылган жок. Азырынча УКМК төрагасы коронавирус илдетин жуктурбаганы жана кооптондура турган эч нерсе жок экендиги белгилүү. Айрым маалымат булактары Ташиевдин жүрөк оорусу козголгонун жазышууда.
Айта кетсек, ал жай айларында пневмония дартына чалдыгып, абалы оорлошуп барып айыккандыгы белгилүү. Канткен күндө да, Камчыбек Кыдыршаевичке ден соолук каалап, батыраак айыгып кетишине тилектештигибизди билдиребиз.
Орус тилинин макамын өзгөртүү сунушу талкууга жем таштады
Конституциялык кеңешменин жыйынында күн сайын коомчулуктун көңүлүн бура турган сунуштар байма-бай айтылууда. Алардын соңкуларынын бири кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиевдин сунушу. Ал кыргыздар эне тилин унутуп баратканын белгилеп, өлкөдө атайын макамы бар бир гана кыргыз тили болуш керектигин айтты. Бул сунушка бир нече саясатчылар каршы пикирлерин билдиришти.
Садыр Жапаров "Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым-катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек" десе, Садык Шер-Нияз "Орус тили дүйнөлүк маалыматтык жана маданий мейкиндикке жетүүнүн эң маанилүү каражаты болуп эсептелинет. Орус тилин расмий макамынан ажыратуу "кыска ойлуу" сунуш" деген пикирин айтты.
Жыйынтыгында Конституциядагы орус тилинин макамы тууралуу норма өзгөртүлбөй, расмий тил бойдон калары белгилүү болду.
Абакка алынган аткаминердин ордун Анарбек Калматов ээледи
Ак үйдө дагы бир жаңы дайындоо орун алды. Тактап айтканда, президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлу болуп Анарбек Калматов дайындалды. Буга чейин аталган кызмат ордун Курманбек Дыйканбаев ээлеп келген. Дыйканбаев октябрь айындагы шайлоо өнөктүгү убагында стратегиялык маанидеги ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып, бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 миллион сом берүүгө мажбурлаганы айтылып, 24-ноябрда УКМК тарабынан кармалган. Биринчи-Май райондук сотунун чечими менен ал 24-январга чейин абакта болмокчу.
Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду
Жогорку Кеңештин 2 чакырылышына депутат болгон мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду. Каржы полициясынын маалыматына караганда Сарпашев мамлекеттик жогорку кызмат орундарын ээлеп турган учурда көп сандаган мүлктөрдү сатып алган. Бирок аларды декларациясында көрсөтпөй, жакын туугандарынын атына каттатып койгон.
Бул Тайырбек Сарпашевдин аты аталып жаткан алгачкы кылмыш иши эмес. Финпол мындан 15 күн мурда анын үйүнө тинтүү жүргүзгөн. Анда Максим Бакиевге тиешелүү мүлктөрдү мыйзамсыз камактан бошотууда экс вице-премьердин да тиешеси болушу мүмкүн экендиги жүйө катары айтылган.
Сарпашевдин үйү тинтилип, кылмыш иши козголгону менен, ал кармалган жок. Финпол анын суракка чакырыларын гана билдирди. Андыктан окуя мындан ары кандай өнүгөрүн акмалап туралы.
Эдил Байсалов президенттик башкарууга кайтууга үндөдү
Конституциялык кеңешменин мүчөсү, Кыргыз өлкөсүнүн Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов президенттик башкарууга кайтуу керектигин билдирди. Анын пикири боюнча парламентаризм жакыр мамлекетке жарашпайт.
Темирлан Султанбеков Бишкек мэриясына кызматка орношконун четке какты
Буга чейин Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Социал демократтар партиясынан Жогорку Кеңешке талапкерлигин койгон Темирлан Султанбековду өзүнө кеңешчи кылып алганын социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Журналисттер вице-мэрдин сөзүн туура эмес түшүнүп алдыбы же бир күн ичинде Султанбеков менен Ырсалиевдин пикирлери өзгөрүп кеттиби? Айтор бул жагы биз үчүн караңгы.