Кадамжай районунда жарандан опузалап акча талап кылып жүргөнгө шектүүлөр кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда жарандан опузалап акча талап кылып жүргөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кадамжай районунун Жаңы-Жер участкасынын 30 жаштагы тургунун 3 бейтааныш бала “сен Өзбекстанга жүк өткөрөт экенсиң, бизге акча бересиң” деп бир канча жолу талап кылгандыгын билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факты Кадамжай РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында арыздануучудан 2 миллион 95 миң өзбек валютасындагы сумун опузалап алган жеринен 3 жаран кармалган. Алар 40 жаштагы О.А., 33 жаштагы З.М. жана 35 жаштагы Б.А. болушкан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кармалган 3 жаран мурда оор беренелер менен соттолгондугу жана бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү башка жарандардан да опузалап акча талап кылып жүрүшкөндүгү аныкталган.

Азыркы күндө кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chon-Alai-kg0101
2020-11-27 16:46:31
Кудай жазанарды берсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан