Кыргыздын чыгаан сүрөтчүсү Орозбек Молдобаев дүйнөдөн кайтты

Кыргыздын маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. Чыгаан сүрөтчү Орозбек Молдобаев 68 жашка таяп калган чагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу белгилүү окумуштуу жана тилчи Аттокур Жапанов социалдык тармактагы баракчасына жазып маалымдады.
Маалыматка ылайык, сүрөтчү кечээ, 27-ноябрда узак убактан бери алышып келген оорудан улам дүйнө салган.
"Ыйманы саламат болсун! Жакшы адам эле, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Алыкул Осмонов атындагы республикалык сыйлыкка көрсөтүлгөн, буюрбаптыр, абдан катуу күткөн болчу, убагында ушул сыйлыгын берип койсоңор болмок", - деп жазды Жапанов.
Орозбек Молдобаев 1953-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылында жарык дүйнөгө келген. 1972-жылы Фрунзедеги Семён Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп, 1992-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.
Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Анын эмгектери кыргыз элинин жашоо турмушун терең чагылдырганы менен өзгөчөлөнөт. Сүрөтүндөгү каармандары жөнөкөй айылдык кызматкерлер. Сүрөттөрү Орусия, Япония, Корея, Түркия, АКШ сыяктуу чет жерлердеги көргөзмөлөргө коюлуп, учурда Гапар Айтиев атындагы кыргыз мамлекеттик сүрөт музейине жана Исхак Раззаков атындагы үй-музейине коюлган.
Ал "КР Президентинин Ардак грамотасы" жана "КР УИАнын эмгек сиңирген кызматкери" наамдарынын ээси болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aman97kg
2020-11-28 13:10:24
Жаткан жери жаннатан болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан