super.kg logo
  Саясат  

Равшанбек Сабиров: "Өлкөнүн маалымат, байланыш мүмкүнчүлүктөрү заман талабына шайкеш келиш керек"

 

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери менен өлкөнү санариптештирүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жетекчилери санариптештирүүнүн алкагында жасалган жана алдыда аткарыла турган иштер боюнча маалымат беришкен. Отурумда санариптештирүүнүн алкагында "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи баскычы ишке ашырылганы, өлкөнү интернетке кошуу жана сапаттуу электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүү процесси жүзө ашырылганы, "Түндүк" тутумуна бардык мамлекеттик органдар тутуштырылганы айтылган.

"Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке ашырылып, анын алкагында ведомстволор аралык "Түндүк" электрондук системасына айыл аймактарын кошуу үчүн алгач жергиликтүү өз алдынча органдарында чарбалык китептердин негизинде электрондук базалар түзүлдү. Ушундай эле санариптештирүү иштери бажы, салык жана социалдык багытта иш алып барган мамлекеттик органдар үчүн да жүргүзүлүүдө.

"Учурда дүйнө жүзүндө санариптик технологиялар кеңири колдонулууда. Өлкөнүн маалымат, байланыш мүмкүнчүлүктөрү заман талабына шайкеш келиш керек. Санариптештирүүнү натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн квалификациялуу IT-адистерин даярдоо ишин колго алуу шарт. Ошондой эле калкка кызмат көрсөткөн тармактарды санариптештирүү иштерин улантуу зарыл. Бул өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги жолу", - деген Равшанбек Сабиров. Вице-премьер-министр санариптештирүү коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуу куралы экенин белгилеп, бул багыттагы иштерди күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды бергени маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
160002;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: