Камчыбек Ташиев: "Дартымдын диагнозун билем, мындан ары катуу иштеп үлгүрүш керек..."

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев дарыгерлердин көзөмөлүнө алынганы маалымдалган. Социалдык тармактын колдонуучулары анын абалы оор экенин кабарлап жатышат. Ал эми Камчыбек Ташиев айтылган кептер боюнча пикир билдирип, өз абалы боюнча жеке баракчасына билдирүү жарыялады.

"Урматтуу Кыргыз калкы, эч кимге айтпай 3 күн ооруканада жаткандан кийин билип калдыңар, миңдеген адамдар дуба кылышып, каалоолорун айтышты. Мен көпчүлүгүнө жооп бере албадым. Баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдиремин, ырахмат айтамын. Эми өзүмдүн диагнозумду билемин, менин өмүрүм Кыргыз элимдики. Эми мындан да каттуураак иштеймин, үлгүрүш керек", - деп жазды Ташиев

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bbek
2020-11-29 16:12:29
Азаматсын аллах дартына шыпаа берсин
+12
PROS
2020-11-29 19:32:44
Чекараны чеч биринчи кезекте!!! ГКНБнын көзөмөлүнө өттү го чекара! Талапкерлерди куугунтуктагандын ордуна чекараны чечкенге шашыл, урматтуу Ташиев мырза!!!
+6
al-abu-kinesz
2020-11-29 21:41:05
Сизге Москвада мечитте дуба кылдым, шыпаасын берсин, сиз бизге суудай эле керексиз урматтуу Камчыбек мырза
+8
temirov76
2020-11-29 21:53:45
АЛЛАХ шыпаасын берсин.
+6
Kaninaiman
2020-11-30 06:49:39
Баткен Кокташ Аксай чек арасын чечиниз январда да бир уруш кылчу адаттары бар тажиктердин,?
+3
Jelezo
2020-11-30 07:04:40
Тезирээк сакайып кет элге керек жигитсин.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан