Ош шаарында Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү (сүрөт)

Ош шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын баатыры Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин адиси Бектурган Мизамидин уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп, ага Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил коммиссиясынын жетектөөчү адиси Зуур Амирбеков, ОшМУнун социалдык жана тарбия департаментинин директору Жылдыз Артыкова, "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору Султан Абдыракманов жана жаш мугалимдер, жаштар катышкан.

"Иш-чаранын жүрүшүндө И.Раззаков жөнүндө видео тасмалар коюлуп, эскерүү сөздөр айтылып, "Улут уңгусу жөнүндө учкай кеп", “Исхак Раззаков – мамлекеттик ишмер жана чыныгы интернационалист”, “Кыргыз тилинин келечегин ойлогон улут атасы”, “Исхак Раззаковдун коомдо аялдардын аброюн көтөрүүдөгү орду” аталышында баяндамалар жасалды. Мындан тышкары иш-чара концерттик программалар менен коштолуп, ал жогорку деңгээлде өттү", - деди Мизамидин уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан