Биз социалдык тармакта

Ош шаарынын аймагында бир жумада 203 кылмыш катталып, алардын 168инин бети изи сууй электе ачылды

Өткөн жума аралыгында Ош шаарынын аймагында жалпысынан 203 кылмыш катталып, алардын 168инин бети изи сууй электе ачылды. Калган ачыла элек кылмыштардын бетин ачуу боюнча ыкчам иштер аткарылууда. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөн күнү адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Ош шаарынын Садырбаев көчөсүндө денесинен 21 жеринде жаракаты бар 32 жаштагы Ош шаарынын тургуну киши колдуу өлгөн денеси табылган. Кылмышка шектүү катары 1962-жылы туулган С.О. жана 1960-жылы туулган П.А. аттуу жарандар кармалышты. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.
Ошондой эле 27-ноябрда өз үйүндө мештен чыккан түтүнгө ууланып 74 жаштагы аял каза болгон", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан