КМШ өлкөлөрүндө кыргыз киносуна болгон ишеним жогорулай баштады. Анапа шаарында өткөн “Киношок” жана Казакстанда өткөн “Евразия” кино фестивалдарында кыргыз тасмаларынын ийгилик жаратышы да буга өбөлгө болду. Бул тууралуу 30-сентябрда маалымат жыйында кино изилдөөчү Гүлбара Төлөмүшова билдирди.
“Бир учурда эки фестивалга катыштык. Тасмаларыбыз көрүүчүлөргө жакшы таасир калтырып, сынчылардын мактоосуна татыды”,- дейт ал. Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясынын башкы директору Таалайбек Кулмендиев: “Биз атайын даярдалган 10 тасманы көрсөттүк. Калыстардын атайын сыйлыгына татыктуу болгон Темир Бирназаровдун “Кызыгуу” тасмасынын жана башка режиссёрлорубуздун ийгиликтери кубандырууда”,- деди.