Ысык-Көл. Облуста арпа, буудайдын 98 пайызы жыйналды

Ысык-Көл облусунда дан эгиндеринин 98 пайызы жыйналып алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Маалыматка таянсак, дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү гектарына 23 центнерден айланды. Бул 2012-жылга салыштырмалуу 9 центнерге көп дегенди билдирет. Быйылкы түшүмдү жыйноого 132 техника тартылыптыр. Бүгүнкү күнгө карата облуста картошканын 50 пайызы,  жашылчалардын 93 пайызы казылып алынды. Облуста дан эгиндерин оруп-жыюу иштерин 20-октябрга чейин бүтүрүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан