Баткенде дайынсыз болуп жаткан Мактым Кожонова дагы деле табыла элек

Баткенде дайынсыз болуп жаткан Мактым Кожонова дагы деле табыла элек. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дагы деле издөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, 23-ноябрь күнү Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Мактым Кожонова ошол күнү түн ичинде кызы менен дааратканага чыгып, кызын үйгө кире бер деп, өзү ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын маалымдаган.

25-ноябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери, туугандары жана жергиликтүү тургундардан 200дөй адам тартылган.

Ал эми 27-ноябрда Мактым Кожонова 20-ноябрда тергөөгө чакырылганын Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aizada2020
2020-11-30 16:16:48
кызык каякка кетти экен. табылса жазып маалымат берип койгула
+10
Kalmurzaev8900
2020-11-30 16:37:04
Аман эсен табылып калсын
+11
aigerimosh
2020-11-30 23:01:25
Сурактан коркуп эле,бир жерден чыкпай олтургандай туюла берет.Кудай билет.Аман-эсен уй-булонузго кайтыныз эжеке.
+13
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан