Бишкекте ИИМдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жери жөнүндө маалымат алышкан. Аны кармоо максатында, ИИМдин үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында борбор калаадан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын 1988-жылы туулган А.Р. аттуу тургуну кармалган.
"Айтылган жаран бир катар кылмыштарды жасагандыгы, анын ичинде алдамчылык аракеттери үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Ал кримавторитет Рыспек Акматбаевдин жакын тууганы. 2016-жылдын жаз айларында А.Р. Бишкек шаарынын жашоочусунун ишенимине кирип, анын Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасын алдоо жолу менен ээлеп алып, үчүнчү жактарга сатып жиберип, 4 миң доллар өлчөмүндө материалдык чыгым келтирген.
Октябрь райондук ички иштер бөлүмү ага издөө жарыялаган. Кармалган жаранды Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Учурда анын башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жоктугу такталууда. Кармалган адам Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдирет басма сөз кызматынан.