Финпол: "Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарып берди"

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарып берди. Бул тууралуу финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Финансы полициясы мурдагы биринчи вице-премьер-министр Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча ишти тергеп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан мурда сатылып алынган жана өзүнүн жакын туугандарына катталган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтаруу ниетин билдирди.

Кийинки жумада Сарпашев жогоруда аталган жер тилкелерин Токтогул районунун Торкен айылынын балансына кайтарып берет. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

27-ноябрда Финпол тарабынан Тайырбек Сарпашевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугу кабарланган. Ал эми кечээ суракка чакырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
algakaray
2020-12-01 11:08:44
Дагы казгыла да. Дагы да коп нерселерин текшериш кк.
+17
Pankration_MMA
2020-12-01 11:12:54
Ушундай кайтарган акча, жер, мал-мүлктөрүн документтери менен чыгарып далилдесеңер. Жазуу түрүндө эле айтып койуу менен ишеничтүү болбойтко!
+16
al-abu-kinesz
2020-12-01 11:21:09
500 га???? Аркы дуйного жер ала кетейин дедин беле??
+11
alym21
2020-12-01 11:30:35
Алкымын менен куруп кеет,бул бир чети эле болсо керек
+8
bekov01
2020-12-01 11:42:01
Токтогулда 500 га жайыт жер арзан еле болуп калат. Елдин козун боёбой кустургула жакшылап. Мунун миллярдтаган долларлары бар екенин Токтогулдуктар жакшы билишет
+10
Sabette
2020-12-01 12:32:09
Ошончо далилинер бар экен кармагыла катуу жаза чара колдонгула да мыйзамсыз байып билип калса жөн гана кайтарып берсем болду экен да деп ойлоп калат да баары Райымбек Матраимовдуда күнөөсүн мойнуна алып жаткандан кийин камагыла жазалай албасаңар мага кармап бергиле бир жумада баарын кустурам бармактарын бирден кыркып!
+6
umarbey
2020-12-01 14:20:55
Ishenbeym, 2 saattik surak uchurunda minday rezultat bolushu mumkun emes. Minday ishti tergoogo keminde 1 ay ubakit ketet. Finpol dokumentterdi alip chigip korsotkulo.
0
Nur777
2020-12-01 14:59:09
Сыймык байке,азаматсыз! Сарпашевди кустурам дединиз эле,кустурдуну,230 гектарды кайтарды,рахмат сизге! Азыр чын дилден иштеп аткан сизди эле коруп турам....
+5
Jaka78
2020-12-01 18:43:00
Кантип,кайсы бети менен ичип-жеген, карапайым калктын курсагы эки самсыга тоет,а бул акмактар качан тоет....
+2
didu
2020-12-01 18:46:04
жерден башкада мулкторун чукугула
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан