Өлүм жазасын киргизүү керек, жарандарды шайлоого катышууга милдеттендирүү керек жана башка керек, керектер... Конституциялык кеңешменин талкууга алынган сунуштары

20-ноябрда, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Коституциялык кеңешме түзүлгөн. Анын курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирген. SUPER.KG порталы 11 күндөн бери иш алып барып жаткан Конституциялык кеңешменин жыйындарында айтылган кызыктуу сунуштардын топтомун сунуштайт.

Кыргыз Эл Республикасы

Өлкөнүн аталышын өзгөртүү сунушун кеңешменин мүчөсү Кадырбек Кошалиев 23-ноябрда сунуштады.

"Элдик бийлик кирип жаткандан кийин өлкөнүн аталышында -"эл" деген сөз туруш керек. Баштаганда эле ушундан башташ керек", - деди ал.

Мындан тышкары Кошалиев Конституциялык реформа алкагында курултай системин киргизүү боюнча 15 долбоор каралып жатканын айтты.

Өлүм жазасын киргизүү, жарандарды шайлоого милдеттендирүү

Конституциядагы адам укуктары боюнча беренелерди караган секциянын мүчөсү Нурлан Шерипов пленардык жыйындар ачык өтүп жатканын жана ага бардык каалоочулар, юристтер, эксперттер, жарандык активисттер келип катышып, өз сунуштарын берип жатканына токтолуп, арасында кызыктуу сунуштар дагы бар экендигин белгиледи.

"Бир жарандык активисттен өлүм жазасын киргизүү боюнча сунуш берилди. Бирок бул нерсе биздин мамлекеттин статусуна жана эл аралык стандартка төп келбегендиктен андан баш тарттык. Дагы бир жарандык активист жарандарды шайлоого катышууга милдеттендирүү боюнча сунушун айтты. Албетте, ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу, бирок бул милдет эмес. Жыйында талаш-тартыш жаралган учурлар болот. Бирок анын баарын добушка коюу менен чечип жатабыз", - деп билдирди Шерипов.

Жогорку Кеңештин ордуна Курултай же Улут жыйыны

Парламенттин аталышын өзгөртүү сунушу Конституциялык кеңешменин дагы бир мүчөсү Эдил Байсалов тарабынан айтылды.

"Жогорку Кеңеш деген сөздүн өзү эскирди. Парламенттин ысымын башкача атайлы" деген Байсалов Курултай же Улут жыйыны деген аталышты сунуштады. Муну менен кошо ал оптимизация, депутаттардын санын 35ке кыскартуу боюнча сунуштар эл бийлигине кол салуу экенин айтты.

Англис тилине экинчи расмий тил макамын берүү

Англис тилин экинчи расмий тил кылуу сунушун 26-ноябрда кеңешменин мүчөсү Максат Чакиев айтты.

"Менин көз карашым боюнча бир өзөктүү маселе бар. Дагы бир расмий тилди кошуу боюнча маселени карап көрүүнү сунуштайм. Конституцияда орус тили - расмий тил. Бул өз убагында абдан жакшы, туура чечим болгон. Орус тилин 10дон ашык мамлекетте колдоно алабыз. Дүйнөлүк процесске аралашабыз десек, экинчи расмий тил катары, англис тилин киргизүүнү карап көрүү сунушун берем", - деди ал.

Кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керек

26-ноябрда Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев Кыргыз өлкөсүндө кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керек экендигин айтты. Ал кыргыздар эне тилин унутуп баратканын белгиледи.

Бирок Төралиевдин сунушу колдоо тапкан жок. Кеңешменин дагы бир мүчөсү Урмат Аманалиев "Орус тили расмий тил боюнча калды. Ооба буга чейин мындай сунуштар айтылган. Биз бул норманы өзгөрткөн жокпуз. Кеңешменин мүчөлөрүнүн бардыгы бирдей, сунуштарды берсе болот", - деп билдирди.

Мектеп окуучуларын 11-класска чейин окууга милдеттендирүү

Мектеп окуучуларын 11-класска чейин окууга милдеттендирүүнү Каныбек Осмоналиев сунуш кылды.

Ал 9-класстык билим берүү - Кыргыз өлкөсүндө милдеттүү экендигин белгилеп, заманбап дүйнөнүн шартында 11-класстык толук билим берүү зарыл деп эсептей турганын айтты.

"Жаңы Конституцияда мектеп окуучуларын 11-класска чейин окууга милдеттендирүү керек. Ошондо ата-энелер милдеттүү экенин билишет", - деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sara1993
2020-12-02 15:44:01
Олум жазасын киргизууго мен макулмун, ким мамлекеттин акчасын жесе олум жазага тартылсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан