Ырчы Съездбек Искеналиев пневмония илдетинен сакайды

Ырчы Съездбек Искеналиев сыркоолоп, ооруканада жатканын, учурда абалы жакшы экенин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ырчы менен байланышканыбызда ал пневмония илдетине кабылганын айтат.

"23-ноябрда пневмония диагнозу менен ооруканага жаттым. Ага чейин сасык тумоолоп жүргөм. Кооптонуп үйдөгүлөрдөн обочолонуп жүрдүм. Илдет жеңил өтүп, айыктым, азыр абалым жакшы. Буюрса, эртең үйгө чыгам", - деди ал.

Ырчы мырза өзүнүн баракчасына калтырган билдирүүсүндө дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирип, ак халатчандарга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да ден соолук каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан