Атамбаев абактан чыгышы мүмкүн, президенттикке "болгону" 45 талапкер калды. 3 жылдан кийин пенсия төлөнбөй калабы? Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 1-декабрь, кыш мезгилинин алгачкы күнү. Күндөгүдөй эле бул күн да саясий окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. Анткени SUPER.KG порталы күндүн "туздуу" саясий окуяларынын топтомун алдыңызга сунуш кылат.

Алмазбек Атамбаев абактан чыгышы мүмкүн

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG'ге анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Жактоочунун айтканына караганда, жакынкы күндөрдө ЖАМК мурдагы өлкө башчысы эркиндикке чыгарууга милдеттүү. Анткени акыркы соттук отурумда мурдагы чечимдер жокко чыгарылган. Демек, Атамбаевди белгисиз мөөнөткө абакта калтыруу чечими дагы жокко чыгышы керек.

"Жогорку Сот Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Биринчи Май райондук сотунун чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, аны райондук сотко кайра кароого жөнөттү. Демек, белгисиз мөөнөткө абакта калтыруу чечими дагы жокко чыкты. Буга байланыштуу Атамбаев абактан чыгарылышы керек.

Кечээ чыгарылган Жогорку Соттун чечими Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жөнөтүлүшү керек. Андан кийин Атамбаевди абакта калтыруу же калтырбоо чечими чыгарылат", - деди Слесарев.

Тайырбек Сарпашев мамлекетке 530 гектар жерди кайтарып берди

Буга чейин "мыйзамсыз байыды" деген жүйө менен иш козголуп, суракка чакырылган Тайырбек Сарпашев 500 гектар жайытты жана 30 гектар сугат жерин өлкө казынасына кайтарып бермей болду. Финполдун басма сөз кызматы белгилегендей бул аягы эмес, иликтөө иштери мындан ары да уланат.

"Финансы полициясы мурдагы биринчи вице-премьер-министри Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча ишти тергеп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан мурда сатып алынган жана өзүнүн жакын туугандарына катталган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтаруу ниетин билдирди", - деп айтылат Каржы полициясынын маалыматында.

3 жылдан кийин улгайган адамдар пенсиясыз калышабы?

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Социалдык фонддун абалы жылдан жылга оорлошуп бара жатканы кеп болду. Депутат Акылбек Жапаров ушул бойдон кете берсек 3 жылдан кийин мамлекет пенсия төлөп бере албай каларын айтат.

"Социалдык фонд өз милдеттемелерин аткара албай кала турган заманга баратабыз. Канча адам пенсияга чыкканын, топтомо бөлүгү кандай? так анализ болушу керек. Пенсия бул жөлөк пул эмес, ким иштеп социалдык фондго акча которсо гана пенсия алууга татыктуу. Негизи Социалдык фондду пенсиялык фонд деп өзгөртүү зарыл", - дейт Жапаров.

Президенттикке болгону 45 талапкер калды

Президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин саны күн санап суюлууда. 1-декабрга карата баштапкы 65 талапкерден "болгону" 45и калды. Алардын үчөөнүн соттолгондугу жоюлбаганы үчүн БШК талапкер катары каттаган эмес. Калган 12 талапкердин кыргыз тилин билгендиги тууралуу сертификаты жок болуп чыккан. 8 талапкер шайлоого баруудан өз ыктыяры менен баш тартты. Соңкулардан болуп Сазыкбай Турдумалиев жана Садыр Жапаров менен сүйлөшүүдөн кийин Садык Шер-Нияз БШКга шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арыз берди.

АКШда 2 талапкердин бирин тандоо көйгөй жаратып турган учурда Кыргыз жарандары 45 талапкердин ичинен кантип президент тандаары 10-январдан кийин белгилүү болот.

Садыр Жапаровдун мурдагы басма сөз катчысы кызматынан дагы көтөрүлдү

Өлкө башчысынын тышкы саясат бөлүмүн Дастан Дүйшекеев жетектей тургандыгы белгилүү болду. Мындай дайындоо 2 апта мурда эле орун алганы менен, эми гана ачыкка чыгып отурат. Анткени Дүйшөкеевди кызматка дайындоо тууралуу Талант Мамытовдун буйругу жөнүндө расмий маалымат буга чейин таратылган эмес.

Дастан Дүйшекеев октябрь окуяларынан кийин Садыр Жапаровдун маалымат катчысы болуп дайындалганы белгилүү. Көп өтпөй ал Жапаровго кеңешчи болсо, эми президенттик аппараттын бир бөлүмүн жетектеп отурат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nuri1988Elim2010
2020-12-01 21:22:30
Пенсияны өзүңөр очойтуп аласыңар анан баягы эле карапайым элибизге келгенде жетпей калатта
+2
Real_mir
2020-12-01 23:27:31
Мендагы президенттикке койуп койбопмун Садык шерге окшоп,Жапаров менен суйлошууго барып жок дегенде чектин кызыл документин кылып мандатып кайра алып коймокмун.
+1
ika8086
2020-12-02 00:39:36
Мал баарибир малдыгына барып трибунада моороптур да.Жем-чопко жетпей.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан