Оштун "Алай" футболдук клубу АФК жүргүзгөн сурамжылоодо Орто Азиядагы эң популярдуу клубдардын ичинен экинчи орунду ээледи.
Добуш берүү 28-ноябрдан 1-декабрга чейин жүргүзүлүп, ага Өзбекстан, Кыргыз өлкөсү, Тажикстан жана Түркмөнстандан жалпы 10 команда катышты.
Сурамжылоого Кыргыз өлкөсүнүн атынан бишкектик "Дордой" менен Оштун "Алай" клубдары катышты. "Дордой" клубу 7 пайыз добушу менен 5-орунга жайгашса, "Алай" клубу 20 пайыз добушу менен 2-орунга жайгашты.
Бул тууралуу "Алай" клубунун басма сөз кызматкери Нуристан Марат уулуна байланышканыбызда добуш берген ар бир күйөрманга ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду:
"Бул сурамжылоо АФК тарабынан Орто Азиядагы эң популярдуу клубдар арасында жүргүзүлдү. Албетте, мындай көрсөткүч бизге чоң мотивация берет. Добуш берген ар бир күйөрманга чын жүрөктөн ыраазычылыгыбызды билдиребиз", - деди ал.