Азимбек Бекназаров экс-президент деген макамды алып салууну сунуштады

Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров экс-президент деген макамды алып салуу керек деп эсептейт. Мындай сунушту ал конституциялык кеңешменин "Мамлекеттик бийлик органдары" секциясынын жыйынында айтты.

Элчинин пикиринде мурдагы президенттерге каралган жеңилдиктер мамлекеттин казынасына көп чыгымдарды алып келүүдө.

"1993-жылы кабыл алынган Конституцияга кайтышыбыз керек. Анткени мамлекет башчысы да макам үчүн, жеңилдиктер үчүн элди таштап салышарын тажрыйба көрсөттү. Айрым экс-президенттер чет мамлекеттерде өлкө атынан сүйлөп жатышат, бул туура эмес. Алар өздөрүн гана ойлошуп, мамлекет кандай абалда турганы эч кимди кызыктырбайт. Мыйзамда көрсөтүлбөсө деле алардын экс экендиги баарына маалым", - деди Бекназаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kuban-1207
2020-12-02 14:56:00
Азимбек туура айтат
+3
Jelezo
2020-12-02 16:02:20
Жакшы иштеген президентти куугунтукка алса кантет келечекти да ойлош керек.
-4
Raihan0602
2020-12-02 18:41:05
Jelezo,жакшы иштесе эч ким тийбейт,кайра сыйлабайбы? Бизде кулкунун тыя албагандан, корупциянын башында өзүлөрү жүрбөйбү.
+2
Raihan0602
2020-12-02 17:21:40
Эң туура айкан элчи
+3
Baatirbek81
2020-12-02 19:16:48
Туурасын туура айткан!
Бирок молдонун айтканын ук,жасаганын кылба деген сөз бар!
Өзү бирдеме кылдыбы ушуга чейин,өлкөнүн тонолгонуна бул киши табакташ болуп чыкпаса эле!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан