Өзбекстан Аксыдагы Унгар-Тоодон чек арачыларын алып кетет

Өзбекстан Аксы районундагы Унгар-Тоодон чек арачыларын алып чыгып кетет. Муну КРнын коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов билдирди. Өзбек чек арачылары 1-октябрда аталган аймактан чыгып кетмекчи. Айта кетсек, бүгүн, 30-сентябрда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов менен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин кол башчысы Рустам Эминжанов жолугуп, Аксыдагы кырдаал боюнча сүйлөштү. "Сүйлөшүүнүн биринчи этабы аяктап, өзбек тарап чек арачыларын Унгар-Тоодон алып чыга турган болду. Бул биздин талаптардын бири болчу. Жакында сүйлөшүүлөрдүн кийинки этаптары уланып, башка чек ара маселелери талкууланат",- деди Мамытов.  

Эске салсак, 22-сентябрда аталган тоодо жайгашкан ретрансляциялоо станциясына өзбекстандык чек арачылар тик учак менен келишип, станциянын такталбаган аймакта жайгашканын айтышкан. Алар ал жердеги кызматкерлердин аты-жөнүн текшерип, тескөөгө алышкан. Вице-премьер-министр Токон Мамытов өзбек чек арачыларын станциянын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылып жатканын кабарлаган болчу.  

 

Унгар-Тоо Аксы районунда Өзбекстан менен чектешкен аймакта жайгашкан. Анын чокусуна Кыргызстандагы телерадиоберүүлөрдү таратуучу ретрансляциялык станция жайгашып, районду Кыргызстандын негизги телерадиоберүүлөрү менен камсыздайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан